Menu

Видео – Бектур Асанов: “Атамбаев уюшкан кылмыштуу топ түзүп, “саясый бандитзмди” киргизип, Кыргызстанды менчигиндей пайдаланды, бизге каршы “чёрныйларды” тукурду

Бөлүшүү:

“Кылмыш-жаза кодексинде “Уюшкан кылмыштуу жамаат” деген түшүнүк бар, Атамбаев мына ушундай уюшкан кылмыштуу топ түзүп алган. Атамбаев өзү башында турат, Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Икрам Илмиянов сыяктуулар ал топко кирет. Бул кылмыштуу топ Кыргыз мамлекетин бүтүндөй өз менчигиндей пайдаланышты”, – деп билдирди Атамбаевдик режимдин саясый туткуну Бектур Асанов кечээ, 1-мартта өткөн маалымат жыйынында.

“Саясый террорду башташты. Саясатта жаңы термин да пайда болду – “саясый бандитизм” деген. Ачыгын айтып коёлу, алар бизди камаганга чейин эле “чёрныйларды” бизге каршы салган. Анда да тиши өтпөгөндөн кийин бизди түрмөгө тыкты. Ал жерде да бизге максималдуу түрдө психологиялык кысым көрсөттү.  Акыры, бийлик алмашкандан кийин деле биз, 2018-жылдын июлуна чейин бийлик алмашканын сезген жокпуз. Былтыр июль-августтан кийин гана жаңы бийлик келгенин сезе баштадык, ошого чейин 2 жылдан ашык бизге ар кандай моралдык-психологиялык кысымдар жасалып турду. Ошондуктан кылмыштуу топту түзгөн Атамбаевдин командасынын баары жооп бериши керек. Булар бааары камалыш керек. Мыйзам алдында баары жооп бериши керек”, – деди Бектур Асанов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: