Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги кафелердин биринде Темир Сариев, Апас Жумагулов, Канат Исаев, Ормон Шаршенов, Карыпбек Алымкулов, Адамкалый Чыныбаев, Мыктыбек Абдылдаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов, Бакыт Кудайбергенов, Эмир Чукуев баштаган экс-чиновниктер “Ай тамга Солто” коомунун курултайын өткөрүшкөн. Анда коомдун тең төрагалыгына Атамбаевдин “Кыргызавтомаш” заводундагы бухгалтери, кийин Албек Ибраимов, Болот Сүйүнбаев, Икрам Илмияновдордун “крышалыгы” алдында “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болгон Эмир Чукуев шайланган. Бул тууралу маалымат ММКларга жарыяланары менен чыныгы “Солто” коомунун жигиттери съезд өтүп жаткан кафеге келип, эмне үчүн “Ай тамга Солто” коому түзүлүп, бир Солто элин экиге бөлүп жатышканына, эмнеге “Ай тамга Солто” коому солтолордун айылдарынан бул съездге делегаттарды бөлүп-жарып, тандап чакырганына нааразы болушуп, экс-чиновниктерди жарга такашты.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ