Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кафесинде “Ай тамга Солто” коому деп аталган уюм экс-премьерлер Темир Сариевдин, Апас Жумагуловдун, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, экс-чиновниктер Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов, катышуусунда курултай өткөрдү. Курултай экс-премьер Сапар Исаковдун бир тууган таэжесине катталган “Ала-Тоо” кафесинде өтүп, теңтөрагалыкка экс-президент Алмаз Атамбаевдин “Кыргызавтомаш” заводунун мурунку бухгалтери, кийин Албек Ибраимовдон кийин “Манас” эл аралык аэропортуна президент болуп иштеген Эмир Чукуевди шайлаган. Эсиңиздерге сала кетсек, азыр бийлик тарабынан Эмир Чукуев кызматтан алынып, ага каршы кылмыш иши козголуп, сурак берүүдө.
Курултай тууралу маалымат уккан “Солто” коомунун жаштары курултай өтүп жаткан “Ала-Тоо” кафесинин алдына келип, “бир Солто элин экиге бөлүп жатасыңар!” деп экс-чиновниктерге каршы нааразычылык акциясын уюштурушкан. Ошону менен катар “Солто” коомунун жаштары курултайдын уюштуруучулары элдин алдына чыгып, эмне үчун элди бөлүп жатышканын түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ