– Элвира Жыргалбековна, акыркы айларда курч, ошол эле учурда чагым жыттанган популисттик билдирүүлөрдү көп жасап жатасыз. Шайлоого даярдык көрүүдөсүзбү? Же саясаттын аки-чүкүсүн эми аңдап, упай топтоонун аркетине өттүңүзбү? Ак үйдүн лифтинен сизди кучактап өпкүсү келген адам президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев экени чынбы? Сиз бул тууралуу чуу салгандан кийин сизди коркутканы ыраспы? Же “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” “Самаркандан саман учуптур десе, жооп чааптыр” кылып көбүртүп-жабырттыңызбы? Кокустан эле Темир Сариевди “Атам каза болгондон кийин мүлкүбүздү тартып алганга аракет кылды” – деп айыптап чыктыңыз. Эмнеге убагында үн каткан жок элеңиз? Эч болбосо кеч болсун дедиңизби же Сариев өкмөт башчы болот деген сөз чыккандан кийин сиздин оозуңуз аркылуу кимдир бирөө жаманатты кылдыбы? Кимдир бирөөнүн куралы болдуңузбу? Деги кандай максатты көздөдүдүз эле?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ