Menu

КСДПны “тирилтүү” аракеттеринен майнап чыгабы?

Бөлүшүү:

Акыркы учурда ар кандай ызы-чуулар тооруган КСДП партиясын кайрадан «тирилтүү» айласы менен Алмазбек Атамбаев жана анын бирин-экин санаалаштары Бишкектен баштап, жер-жерлердеги «ячейкаларды» кайра жандантууга аракеттенип, билек түрө ишти баштаганын эшиттик. Крит кеткен партияны жандантуу өтө оор экендигин билип турса дагы, Атамбаев үзүлбөгөн үмүт менен аракет кылып көрүүгө айласа керек да. Эми албетте, мунун баары 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык экендиги айтпаса да белгилүү эмеспи.

Ошол эле маалда партиянын карапайым көп жылдан берки мүчөлөрү анын чыныгы ээси ким экенин билбей, баштары маң болуп жаткан чагы экен. Партиянын парламентке өткөн үн мындай кой, өзүнүн келечеги күмөн деп айтып жатышат алар.

Ал эми Атамбаев жана командасы жандантуунун аракетин көрүп жаткан партиясынын аркасы менен жер-жерлерге барышып, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Икрамжан Илмиянов жана башка «желдеттеринин» болуп жаткан кылмыш иштерине сөзсүз түрдө саясий боек беришээри турган иш. Бирок, эл деле баарын билип-туюп, аңдап анан баа берип калбадыбы. Кимдин-ким экендигин мезгил көргөзүп атат го…

Нургазы Айтмырзаев
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: