Өткөн шейшемби кунү Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келди. Тоо-ташта жаныбарларды коргоп жүрүп бошобой калганбы, айтор, даярданбай келгендигинен улам депутаттардан жеме укту. Депуттардан тил угуп, 3-класстын баласындай болуп башын шылкыйткан «акбаш» жетекчи Рустамов кайрадан жыйынга даярданып келмей болду. Ушул эле күнү Өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары Мырзабек Адылбеков дагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде баяндама жасамак. Кашайып Адылбеков дагы даярданбай келиптир.
Алдындагы баракты эжелеп окуп депутаттардын кыжырына тийди. Бу биздин жетекчи сөрөйлөр жоопкерчилик дегенди качан сезишет, ыя?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ