Menu

Фото – ИИМдин башчысы Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын ишин текшерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 2-3-март күндөрү Ысык-Көл облусунун аймактык бөлүмүнө барып, ички иштер органдарынын шаардык, райондук бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөлөрүн текшерди. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин башчысы өзүнүн иш сапарынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын, Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратын, Балыкчы ШИИБдин, Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз райондорунун ички иштер бөлүмдөрүн жеке өзү текшерип, негизги маселелеринин бири болгон 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдар менен
кодекстердин талаптарын аткарууларына өзгөчө көңүл бурду.

Кашкар Джунушалиев, аймактык бөлүмдөрдө нөөмөт бөлүктөрүнүн, тергөөчүлөрдүн, алгачкы тергөөчүлөрдүн, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн кызматтык мекемелери менен иш бөлмөлөрүнүн шарты менен таанышып, Бузуулардын биирдиктүү реестринин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук китепчесинин иши боюнча кызматкерлердин билүү деңгээлдерин текшерди. Кылмыштар, жоруктар жана бузуулар жөнүндөгү билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана каттоонун өзгөчөлүгүн аныктап, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүнүн деңгээлин баалап, бул багыттар боюнча иши сапаттуу түрдө жакшыртууга тапшырмаларды берди.

Андан сыткары, Жети-Өгүз районундагы өзүнүн иш сапарынын маалында Кашкар Джунушалиев аймактык милициянын имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Министр менен болгон баарлашууда, курулуш  фирмасынын өкүлдөрү жаңы имараттын курулуш иштери 2016-жылдын август айында башталганын, азыркы учурда 80 % аяктап калгандыгын кабарлашты. Курулуш ишинин негизги бөлүгү аяктап, жасалгалоо жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Имаратты Милиция күнүнө карата тапшыруу пландалууда, деп билдиришти.

Райондук милициянын жаңы имараты, административдик имарат катары эсептелгендиктен, бул жакта жетекчиликтин, ыкчам-башкаруучулук курамдын, тергөөчүлөрдүн иш-бөлмөлөрү, криминалдык-эксперттик кызматтын лабораториясы жайгаштырылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери үчүн машыгуу залы жана жыйындар залы каралган.

Өзүнүн иш-сапарынын аягында Кашкар Джунушалиев Ысык-Көл ОИИБде башкармалыктын өздүк курамына, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилигине жана ИИОнун ардагерлерине жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Бузуулардын бирдиктүү реестринин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук китепчесинин иши жөнүндө маалыматты тыңдап укту. Бөлүмдөрдүн жетекчилери, азыркы учурда бул багытта Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган кодекстери боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти. Бул үчүн зарыл болгон жабдыктар жана техникалар менен жабдылганын маалымдап, өткөн жылы окуудан өткөн кызматкерлер алган тажрыйбаларын практика жүзүндө колдонуп жатышкандыгын кошумчалашты.

ИИМдин башчысы жыйында өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарууларын, өздөрүнө тиешелүү аймактарына ылайык берилген тапшырмалага жоопкерчиликтүү мамиле кылуулары боюнча тапшырмаларды койду. Өзгөчө кызматтык тартипке жана мыйзамдуулукка көңүл бурду. Жаңы мыйзамдар менен кодекстердин күчүнө кириши менен ички иштер органдарынын алдына жоопкерчиликтин негизги жүгү жүктөлсө, ал эми укуктук тартип жана коопсуздук боюнча мыйзамдар биздин жарандардын укугу коргоону камсыз кылаарын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: