Menu

Мирзиёев милиция менен аскерлерге арыктоого алты ай убакыт берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусунун активисттери менен жолуккан маалда өлкөнүн Ички иштер жана Коргоо министрлигинин ашыкча салмактагы кызматкерлерин сынга алып, аларга арыктоого 6 ай убакыт берди.

«Ички иштер органдарында бизге ашыкча салмактагы кызматкерлер менен офицерлер керек эмес. Андай абалда алар кылмышкерди кантип кармай алышат? Спорт менен машыгышсын. Бул мага эмес, алардын ден соолугу үчүн керек. Биз аларга үч же алты ай убакыт берели, бул аралыкта алар ашыкча салмактан арылсын», — деди президент.

Мирзиёев ашыкча салмак тууралуу былтыр ноябрда өткөн медицина тармагындагы реформалардын жыйынтыгына арналган видеоселектордук жыйында дагы айткан. Анда мамлекет башчы аз кыймылдын жана туура эмес тамактануунун айынан Өзбекстанда калктын жарымы ашыкча салмак менен жабыркап, 46 пайызынын канында холестерин ашыкча болуп, 31 пайызынын кан басымы жогору экенин белгилеген.

Мирзиёевин бул билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү айрым мамлекеттик мекемелер кызматкерлеринен тез арада арыктоону талап кыла баштаганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: