Menu

Кыргызстан АКШга ыктай баштадыбы же АКШ Кыргызстанга ыктай баштадыбы?

Бөлүшүү:

2010-жылы апрель окуясынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт да, кийинки башкаруучулар да АКШнын Юстиция министрлигине Бакиевдердин 2010-жылы мамлекетгик мекемелерден жана банктардан уурдап кеткен акчаны кайтарып берүү тууралуу өтүнүчү менен бир топ эле аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Анан Кыргызстанга жаңы бийлик келгенден бир жыл өткөндөн кийин АКШнын Юстиция министирлиги («ойгонуп») 2018-жылдын 4-октябрында гана Кыргызстандын өтүнүчүн негедир ырастап, учурда АКШдан 4 миллион 567миң доллар табылганы тууралуу маалыматын билдирген. Ал акча- К. Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревичтин АКШда мыйзамсыз иштери үчүн кармалып, сот тарабынан андан 6 миллион доллар конфискацияланганынан келип чыкты делинген.

Кыргызстандын учурдагы финансы министри (2007-жылы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен шайлоого чыккан) Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу келишимге кол коюшканы кабарланды. Эми Кыргызстандын финансы министри менен АКШнын мамлекеттик катчылыгынын ортосундагы эки тараптуу келишимден кийин 4 миллион 567 миң доллар Кыргыз Өкмөтүнө кайтарылып берилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле АКШ Е. Гуревичтен конфискацияланган 6 миллион доллардын калган суммасын да кайтарып берүү аракетинде экени ошол эки тараптуу жолугушууда убадаланганы маалым болду. Ал жолугушууда Элис Уэллс Америка Кошмо Штаты кыргыз элине таандык болгон акча каражаттарды кайтарып берүүдө кыргыз өкмөтү менен кызматташып жатканына сыймыктанарын билдиргени да айтылат.

Ал эми Е. Гуревич болсо учурда АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолуп өз жазасын өтөп жаткан кези. Гуревич демекчи, ал өткөн жылы Бакиевдер өлкөдөн 300 миллион доллар чыгарып кеткени туурасында далилдеп берем деп жар салган эле.

Антип эки тараптуу жолугушуудан эки-үч күн өтпөй АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4, 5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарганын жарыялады. Ал каражат азыр Кыргызстандын финансы министрлигинин эсебине келип түшкөнү айтылууда.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: