Menu

Казак ТИМи: Кытайда кармалган казактардын саны азайды

Бөлүшүү:

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кытай Шинжаң аймагында кармалган казактарды бошото баштаганын билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Кытайда казак жана кытай паспортторуна ээлик кылган 33 киши кармалып, алардын 20сы бошотулган. Ошол эле маалда бүгүнкү күнгө карата Казакстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Кытайда кармалган казактар боюнча 1 387 арыз келип түшкөн. «Биз ал арыздардын ар бири боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча учурда анда кармалган казактардын саны 80% азайды», — деди министр.

Шинжаң аймагында уйгур, казак, татар жана башка азчылыкты түзгөн мусулман дининдеги улуттардын өкүлдөрү кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жайгаштырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар алгач 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган.

Былтыр августта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Шинжаңдагы атайын жайларда түрдүү маалыматтар боюнча миллионго жакын мусулман кармалып турганын билдирген. Пекин мындай айыптоолорду четке кагып, аталган жайлар радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү борборлору экенин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: