Menu

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “10 чакырым канал куруп калктын алкышын алганмын”

Бөлүшүү:

—Камчыке, быйыл Ат-Башыга хоккей стадионун куруптурсуз, ошол боюнча кеңири маалымат сурайлы дегенбиз?

—Ой, Зулпукаар иним, хоккей деген жөнөкөй эле нерсе, сен андан көрө элге миллиондогон киреше берген канал боюнча сурабайсыңбы?

—Мейлиңиз анда ошондон баштайлы…

—Эгемендүүлүк алгандан кийин колумда акча пайда болгонун көргөн айылдыктар мага кайрылып, «Кудайым сага берди, бизге бир канал салып бербейсиңби, ата-бабаң ушул жакта турду эле, бизге суу жетпей жатат, куруп берсең жалпы элдин сообуна каласың» деп калышты. Менин атам мурап болуп иштеген ошол жерде. Мектепте окуп жүргөн кезде көп кыдырчумун. Илгери суу жетпей калганда эгини, чөбү өспөй калып, кышында элдин малы кырылган учурлар болуптур. Ошол жерди мекендеген Сары, Шералы, Сарыкул деген чоң аталарым арык чаап, анын өзөгү бир нече жылга жетти. Кийин эскирген сайын суу жерге сиңип, көп келбей калган экен. Мөңгү ээрибей калган жылдары эл малын багалбай кыйналган. Экинчиси, кайра куруу заманында элдин баары жан багыш үчүн борборго көчө баштады. Чегарадагы элди сактап калыш үчүн каналды курганга бел байладым. Өзүмдүн кран, техникаларым бар эле алардын пайдасы тийди. Союз тозуганына байланыштуу лотоктор ар кайсы жерде арзан сатылды, аларды алып 10 чакырым каналды эки жылда салып бүттүм. 100 миллиондогон акча кетти. Андан бери 20 жыл өтүптүр. Элдин жашоосу оңолуп, жүздөгөн гектар жерге чөп өстүрүп, картөшкө айдап, көчпөй калды. Мен үчүн эн кымбаты ошол болду. Канал менен азыр 3 куб суу келет. Бир учурда 50 сугатчы сугарыш керек. 6 миң гектар жерди суугарат.

—Мамлекет деле жардам бергендир?

—Мамлекет жардам бермек турсун ал учурда өздөрүнүн арбайын согалбай жүргөн. Элдин күчү менен салдым. Азыр пайдасын көрүп жатат. Каналдан келген суу менен суугарылган жерден жергиликтүү эл жыл сайын 1 миллион боо (пресс) чөп алат. Бир боо чөптү орточо 200 сомдон (мен кечээ барганда 250 сомдон экен, кээ бир жылы 300 сомдон болот) эсептесек, 200 млн. сом болот. 20 жылдан бери 4 айыл өкмөт тоют даярдап, малын багып, үзүрүн көрүп, өздөрүнүн оокатын жасап жатат. Мен ошого ыраазымын. Айыл аксакалдары эмгегимди баалап батасын берип, Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал деп илип коюшкан.

—Эми хоккей стадионуна келсек…

—Жаштардын ден соолугу чың болсун, айылдарда спорт өнүксүн деген максат менен жасадым. Ишибиз Президенттин аймактарды өнүктүрүү деген жарлыгына дагы туура келип жатат. Борттун узундугу 60, туурасы 35 метр. Борттун ичине үч
сыйрадан сууну куюп тондурганда мелтиреген муз болот экен. Областта биринчи биз салып бердик. Формаларын, хоккей таяктарын, конькилерин алып бердик. Жыл сайын бирден турнир өткөрөбүз. Азыр айылдардан келип ойноп жатышат. Жакында «фигурный катания» ойногондорун көрүп таң калдым. Кичинекей кезде биз бактын бутагын кыйып таяк жасап алып, тапталган карга же суунун жээгине тоңгон музга хоккей ойночубуз. Кечинде буттар тоңуп, кирзовой өтүктөрдүн учу өйдөгө кайрылып тоңуп, аны жазалбай кыйналчубуз. Жайлата жумушун кылып, кышында муз тепкен балдардын сөөгү бекем болот. Ден соолугу чың болот. Кан айланса, мээси жакшы иштейт. Өз учурунда мен Кыргызстандын курамасында ойногом. Россия жетекчиси Путин самбист болсо, Ельцин волейболист. Ал эми ажобуз Жээнбеков Кыргызстандын курама командасында ойногон, волейбол боюнча спорттун мастери.

—Футболдук стадион дагы курушубуз керекпи?

—Футболдук стадион да курулушу керек. Анын ичинде, грек-рим, эркин күрөш, самбо ж.б. күрөштөрдү өнүктүргөнгө шарт түзүлөт. Спорттун бул түрлөрү боюнча бизден мыкты балдар чыгып, ийгиликке жетишип, байгелерди алып жатат. Спортту өнүктүрүүдө мен да четте турган жокмун, «Беш-Сарынын» ичинде 4 спорттук зал курганбыз. Чоң залга миң киши батат, үч килемдүү. Астында эки килемдүү машыктыруучу зал бар. Дүйнөлүк чемпионаттарга барып, алтын алган 7 чемпион чыкты. Күмүш, коло алган 30дай бала бар. Жалпы 40ка чукул бала дүйнөлүк масштабдагы сыйлыктарды алган.

—Саясат боюнча бир суроо, парламент трибунасынан «растаможка» болбогон товарлар өлкөгө залакасын тийгизип жатканын айттыңыз, факты барбы?

—Кытайдан келген товарларды «растаможка» кылбай киргизгени көптөгөн зыяндарды алып келип жатат. Биринчиси, 40 тонналык унаалар миллиарддаган акчага салынган Торугарт жолун талкалоодо. Экинчиси, алар түз «Дордойго» алып кирет. Ал жерден түнкүсун товар таратат. Алар эртеси Ош базардын тегерегине чыгып, жолдорду бөгөп соода жүргүзүп жатышат. Өрт чыкканда унаалар өталбай, машинелер киралбай калды. Базардын ичинде аренда, патент, салык төлөгөн ишкерлерге зыянын тийгизүүдө. Милиция менен эл кагылышып жатат. Ушунун баары контрабандалык товарлардын айынан болууда. Ылай суудан балык тутуш оңой дегендей, социалдык маселени чабыштырып, пайда көргөндөр бар.

Маектешкен: Зулпукаар Сапанов
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: