Menu

Уят. Кыргыз элинин маданиятын көрсөткөнү баргандардын маданиятсыз жүрүш-турушу

Бөлүшүү:

Фейсбук социалдык тармагында Сауд Арабиясынын борбор калаасы Эр-Рияд шаарына «Көчмөндөр ааламы» фестивалына катышууга барган кыргыз делегациясынын өкүлдөрүнүн өздөрүн тартипсиз алып жүрүшүкөндүгү тартылган сүрөт пайда болду.

Журналист Бегимай Жаныбекова кыргызстандыктар Эр-Риядка фестивалга катышуу үчүн барышкандыгын жазган. Делегация кыргыздардын маданиятын, үрп-адаттарын жана салт-санааларын көрсөтүшү керек.

«Бизди борбор калаадан алыс эмес жерге жайгаштырышты. Швед  дасторконун уюштурушту. Бирок бул бизге жарашпайт экен.  Алар тамак көрбөгөндөй болуп, тарелкаларына толтуруп алышат, жөөлөнүшөт, өзгөчө мырзалар, суусундуктарды ящиктеп бөлмөлөрүнө алып кетишет, натыйжасында калгандары ачка калууда. Башкысы, алар алып кеткен тамак-аштарды жеп түгөтпөгөндүгү өкүнүчтүү. Столдорунда калтырып коюп кетип калышат»,-деп жазган ал.

Ал ошондой эле өздөрүн мекенчил деп эсептеп, күн сайын калпак кийип жүргөн балдар өздөрүн өтө начар алып жүрөт деп белгилеген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: