Menu

Жогорку Кеңеш премьер-министрге жолдонгон каттагы каталарды моюндады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш төрага Дастанбек Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон катындагы каталарды моюндады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын тараткан маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңеште социалдык тармактарда (№6-993/19) документтин тарагандыгына байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн. «Тилекке каршы, аталган катта орой каталар кетирилгендигин моюндашыбыз керек»-деп жазылган маалыматта.

Басма сөз кызматынын айтымында, Дастанбек Жумабеков катты окуган эмес жана ага жеке өзү кол койгон эмес.

«Аталган документти парламенттин аппаратынын керектүү бөлүмүнүн кызматкери даярдрган, ага төраганын колу анын факсимилеси аркылуу коюлган. Эске салсак, төрагага күнүнө кол коюуга жүздөгөн каттар жөнөтүлөт, алардын көбү кеңеш берүү мүнөзүндө жазылат»-деп билдирет басма сөз кызматы.

Парламенттин сабатсыз кызматкерлери жаза алышат.

Эске салсак, жакында социалдык тармактарда парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон каты пайда болгон. Интернет колдонуучулары бул документ фейк болушу мүмкүн деп билдиришкен, анткени анда жөнөкөй грамматикалык каталар кетирилген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: