Menu

Баткенде жергиликтүү кеңештин депутаты адамды арматура менен сабаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Баткенде жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Ал адамды арматура менен сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын сентябрь айынын аягында Баткен облусунуну милициясына жаран кайрылган. Ал аны Бишкектин борборунда үч тааныш адамы ур-токмокко алган деп билдирген. Андан соң ошол эле адамдар аны шаардын сыртына алып чыгып, арматура менен урушкан.

Жабырлануучу качып кете алып, ооруканага кайрылган. Алдына ала иликтөөнүн жыйынтыгында милиция тергөөгө аталган кылмышка тиешеси бар үч адамды алып келген. Бирок жабырлануучу аталган адамдарга эч кандай дооматтары жок экенин айтып, арызын кайра кайтарып алган. Ага байланыштуу тергөөчү кылмыш ишин козгогон эмес.

2019-жылдын ортосунда, жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен, Баткен облусунун ошол эле тургуну милицияга кайрылып, 2018-жылдын күзүндө алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр ага басым көрсөткөндүгүнө байланыштуу ал арызын кайтарып алууга аргасыз болгондугун билдирген.

Буга чейин тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечими жокко чыгарылып, иштин материалдары Бишкектин БИИБ Тергөө кызматына жөнөтүлгөн.

Ур-токмоктоого тиешеси бар адамдар азыркы учурда Баткенде экендиги аныкталган. Февраль айынын аягында милиция кылмышка шектүү эки жаранды кармаган, алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.

Алар тергөөнүн аягына чейин үй камагына киргизилген. Алдына ала маалыматтарга караганда, чыр-чатак бизнес шериктештердин ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыккан.

Ошондой эле милиция кызматкерлери Баткен облусунда мыйзамсыз бизнес жүргүзүү фактыларын аныкташкан. Бул маалымат экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү үчүн маанилүү болушу мүмкүн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: