Menu

Эртең Улуттук илимдер академиясында “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугунун бет ачары өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 5-мартта Улуттук илимдер академиясында “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугунун жана “Классикалык изилдөөлөр” сериясынын (Фольклор таануу) 2 томдугунун бет ачары өтөт. Бул тууралу УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугу боюнча китеп көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле Кол жазмалар фондунда сакталган кол жазмаларынын түп нускалары (араб, латын арибинде) боюнча кыскача маалымат берилип, слайд көрсөтүлөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, КР Жогорку Кеңешинен, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, Министрликтерден, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, манастаануучулар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары ж.б. катышат.

 ЖАҢЫ ЧЫККАН КИТЕПТЕРДИН ТИЗМЕСИ:

«Классикалык изилдөөлөр» сериясынан «Фольклористика» боюнча 2 том: “Манас”эпосуна байланыштуу эмгектер, фольклордун проблемаларына арналган материалдар, акындар чыгармачылыгына байланыштуу изилдөөлөр, профессионалдык адабиятка тийиштүү изилдөөлөр камтылган;

 “Эл адабияты” сериясы боюнча:

1-т      Кожожаш (3 вариант)

2-т      Эр Төштүк (4 вариант)

3-т      Эр Табылды (2 вариант)

4-т      Жаныш, Байыш (4 вариант)

5-т      Курманбек (3 вариант)

6-т      Олжобай менен Кишимжан (2 вариант)

7-т      Жоодарбешим(3 вариант)

8-т      Саринжи, Бөкөй, Кыз Сайкал (Саринжи Бөкөй 2 вариант, Кыз Сайкал 1 вариант)

9-т      Жаңыл мырза (2 вариант)

10-т    Мендирман, Сейитбек (Мендирман 2 вариант, Сейитбек 2 вариант)

11-т    Кедейкан, Шырдакбек, Тайлак баатыр, Эмгек ырлары (Кедейкан 1 вариант, Шырдакбек 2 вариант)

12-т    Көкүл, Карач-Көкүл, Арман ырлары

13-т    Эр Эшим, Макал-лакаптар

14-т    Эр Солтоной, Жаманкара (Эр Солтоной 1 вариант, Жаманкара 1 вариант)

15-т    Элдикпоэмалар (Кулмурза менен Аксаткын 5 вариант, Акмактым 2 вариант, Карагул ботом 3 вариант, Жалайыр жалгыз 3 вариант, Акбермет, Качкан кыз 3 вариант, Гүлгаакы 5 вариант)

16-т    Кыргыз эл кошоктору

17-т    Тарыхыйырлар

18-т    Ак Мөөр, Алп Тобок, Балбай

19-т    Санат, насаатырлары

20-т    Каада-салт, ырым-жырым

21-т    Кереметтүү жомоктор

22-т    Балдар фольклору

23-т    Байтик баатыр баяны. Табышмактар, жаңылмачтар,Калптар

24-т    Жомоктор (жаныбарлар тууралуу)

25-т    Сүйүү ырлары

26-т    Турмуштук жомоктор

27-т    Учкул сөздөр, чечен сөздөр, тамсилдер, мыскылдар

28-т    Миф, уламыш, аңыз, санжыра уламыш

29-т    Элдик оюндар, дин ырлары, күү ырлары, күү баяндары

30-т    Чет элдин кыргыз адабияты

31-т    Куудулдар

32-т    Бостон, Эшимкул менен Зуура

33-т    Баатырдык жомоктор

34-т    Чүй облусунан чогултулган фольклордук материалдар

35-т    Ысык-Көлоблусунан чогултулган фольклордук материалдар

36-т    Талас облусунан чогултулга нфольклордук материалдар

37-т    Баткен облусунан чогултулган фольклордук материалдар

38-т    Ош облусунан чогултулган фольклордук материалдар

39-т    Нарын облусунан чогултулган фольклордук материалдар

40-т    Жалал-Абад облусунан чогултулган фольклордук материалдар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: