Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң-автожол» жана «Токмок-автожол» өткөрүү пункттары эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

Протокол туристтик сезон учурунда үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсү, ошондой эле Бишкек-Балыкчы айланма жолунда жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жагымдуу шарттарды түзүү максатында даярдалган.

Ушул Протоколдо «Кең-Булуң-автожол» жана «Токмок-автожол» өткөрүү пункттарынын эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүү жолу менен жогоруда аталаган Макулдашуунун тиркемесинин 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашкан «Нововоскресеновка-автожол» өткөрүү пунктунун аталышын «Сыпатай батыр-автожол» өткөрүү пунктуна өзгөртүү жолу менен Макулдашуунун тиркемесинин 7-пунктуна өзгөртүү киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: