Menu

Орусия ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимди токтотту

Бөлүшүү:

Орусия 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимдеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын текстинде айтылгандай, мындай чечим «АКШ келишимдеги өз милдеттерин аткарууну бузганы үчүн» кабыл алынган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу Вашингтонго кабарлашы керек. Путин кол койгон жарлык дароо күчүнө кирди.

Өткөн айда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны АКШ менен келишимди сактап калууга үндөгөн.

Столтенберг Вашингтон жакын арада бул келишимден чыгарын эскертип, аны сактап калыш үчүн Москванын колунда акыркы мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

Вашингтон 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу кол койгон бул келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тартып токтоторун жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: