Menu

Сооронбай Жээнбеков: Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эмес. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет.

Ошондуктан мамлекет кийинки жылдары сот системасын  терең реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда.

Мындай шарттарда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенем.

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакты-таалай жана жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: