Menu

“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Жыргалбек Турускуловго оңтойсуз суроолор….

Бөлүшүү:

– Жыргалбек Күрүчбекович, сиз шайлоодо «Республика – Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун этегин кармап Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиңиз, чынбы? Президенттик шайлоодо артынан калбай көлөкөдөй ээрчип, жанынан карыш жылган жоксуз. Ошол кезде ой-максатыңыз кандай эле? Бабанов жеңилип калса, сатып кетем деген ой жашачу беле? Же жеңет деген ишенимге элирип, арам ойлочу эмес белеңиз? Койнуңуздагы котур таш мурун эле бар беле же шайлоодон кийин пайда болдубу?

Бабановдун доору жүрүп ити чөп жеп турганда каяша айтып, каршы чыккан учуруңуз болгонбу? Тайгак кечүү, тар жолдо, тагдыр тайкы болгондо далыдан бычак сайгандарга кандай карайсыз? Ашуудан атын жыгып алгандай болуп, түндүктөн түшүп келип «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидерлигин тартып алганыңыз адамгерчиликке жатат деп ойлойсузбу? Бабановдон кийинки фракция лидери болгон Руслан Казакбаевди ээрден оодара тарткан интриганы кимдин пайдасы үчүн ишке ашырдыңыз? Эркиңиз жетсе, жашырбай аки-чүкүсүнө чейин айтып бере аласызбы? Бийликтин кол жоолугу болдуңузбу же фракция лидери болууну көксөгөн амбицияңызга ээ боло албай калдыңызбы? Бүгүн бар да, эртең жок демекчи, ушуну менен «Республика – Ата-Журттун» эки тизгин, бир чылбырына ээ болуп калаарыңызга көзүңүз жетеби? Жетсе, алдыда кандай пландарыңыз бар? Же баскан изиңизден чочулап, жосунсуз жоругуңузга өкүнүп жүрөсүзбү? Кийинки шайлоодо кимдин этегин кармайсыз? Күнү тийип турган адамга көлөкөдөй болуп жармашам деген максатыңыз барбы? Деги эле күн батканда жоголгон көлөкөдөй болгон адамдарга кандай көз караштасыз? Эгер кокус Бабанов саясатка кайтып келип, келечекте бийликтин жогорку сересине чыгып кала турган болсо түсүңүздү кандай кылып өзгөртөсүз?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: