Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жүрүп жаткан сот-укуктук реформа, өлкөдө укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоону күчөтүү боюнча чаралар жана ошондой эле жакында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы боюнча маселелер талкууланды.

Гүлбара Калиева өлкөнүн 400гө жакын судьялары жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү катыша турган судьялардын курултайына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, жаңы кодекстердин жана мыйзам ченемдеринин судьялар тарабынан колдонулушу жана соттордо санариптештирүү иш-чараларынын аткарылышы тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы сот системасы органдарынын негизги милдети өлкөдө укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо, мыйзамдуу жана адилеттүү сот аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча соттун ролун жогорулатуу жана натыйжалуу ишмердигин камсыз кылуу экенин белгиледи.

«Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында судьялар корпусу коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керек. Сот системасынын жаңылануусу Улуттук стратегиянын кыска жана узак мөөнөттүү багыттарынын алкагында өлкөнүн өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайынын ишине ийгиликтерди каалап, жалпы судьялар корпусун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аркылуу өлкөнүн сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: