Menu

Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча АКШнын, Британиянын, Швейцариянын, Лихтенштейндин, Кытайдын тиешелүү кызматтары жана бир катар эл аралык уюмдар менен иш алып барууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул тапта БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын жана Дүйнөлүк банктын активдерди кайтаруу боюнча STAR демилгеси, ушул багытта иштеген Базел институтунун башкармалыгы, Батыш жана Азия-Тынч океан аймагындагы формалдуу эмес тармак менен кызматташтык жүрүп жатат.

Башкы прокуратура Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча улуттук агенттиги менен меморандумга кол коюу пландалып жатканын кабарлады. Мындан сырткары, уурдалган активдерди издөө боюнча адистешкен юристтер тартылып жатканы белгиленген. Мисал катары Бакиевдердин АКШдагы активдерин Кыргызстанга кайтарууга жардам берген «Akin Gump Straus Hauer & Feld LLP» компаниясы көрсөтүлгөн.

АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Ага ылайык, Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражат Кыргызстанга кайтарылат.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. доллар деп бааланганын «Азаттыктагы» маегинде билдирген.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: