Эр-Риядда өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» фестивалына катышууга барган кыргызстандык деллегациясынын өкүлдөрүнүн тартипсиз жүрүм-туруму тууралуу жазган журналист Бегимай Жаныбекованы популизмге айыпташууда.
Instagram социалдык тармагында делегаттар Фейсбукта журналист жалгыз гана негативди жазган деп билдиришкен.
«Фейсбукка кыргыздар жөнүндө болгон негативди жазып, сүрөткө тарткыла, ошондо атагыңар чыгат. Кыргыздардын Саудия Арабиясындагы даярдыктары жөнүндө билдирбей эле койгула»,-деп айтылат маалыматта.
«Негативди гана көрсөтөсүңөр, кыргыз журналисттери, артка тартасыңар. Бүткүл дүйнөгө уят кылгыла».
Автор негативди жашырып, аны башкаларга көрсөтпөй эле койсо болмок деп эсептейт. Ошондой эле ал кыргыз делллегаттарынын начар жүрүм-турумунуна уюштуруучулар күнөлүү деп билдирген.
«Бул кыз Фейсбукка жазды, анан баары башталды. Инстаграмдын кыргыз сегменти кыргыздар уят болуп, тамак үчүн урушуптур деп сүйүндү. Биз бири-бирибизди колдоонун ордуна ичибизди күйгүзөбүз. Ал күнү болсо биз узак убакыт бою тамактанбай жүргөнбүз, уюштуруучулар начар иш алып баргандыктан. Баардык ачка адамдарды ашканага киргизгенде ушундай болот»,-деп түшүндүргөн автор.
https://www.instagram.com/p/BulyQqVHx8z/
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ