Menu

QIWI электрондук капчыгынын эсеби камакка алынды

Бөлүшүү:

«Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын коммерциялык банктардагы эсептешүү капчыгы камакка алынды. Бул менчик ээлеринин биринин арызы боюнча сот тарабынан ушундай чечим кабыл алынгандыгын Улуттук банк билдирет.

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешинде тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүн. Буга байланыштуу, Улуттук банк тарабынан «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсына 2019-жылдын 1-мартынан тартып төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотууну чечти.

Бул кадам «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсынын милдеттенмелеринин өсүшүнө жол бербөө, кызматтарды керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу ишинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү өз убагында жүзөгө ашыруу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы альтернативдиктөлөм системаларын жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына карата тобокелдиктерге жол бербөө жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: