Menu

Бишкекте Франкофония жумалыгы өтөт

Бөлүшүү:

Бишкектеги «Француз Альянсы» Франциянын, Швейцариянын, Бельгиянын элчиликтери жана Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирдикте, Бишкекте 2019-жылдын  11-мартынан 16-мартына дейре  Франкофония жумалыгын өткөрөт.

Франкофония – бул француз тили жана француз тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн маданиятынын фестивалы, ал дүйнө жүзү боюнча жылына марттын ортосунда майрамдалат. Бишкекте уюштуруучулар кеңири публика үчүн 19 иш-чарадан турган алты күндүк программа даярдашкан.

Француз тили дүйнө жүзүндө сүйлөнгөн тилдердин ичинде бешинчи орунда турат жана иштиктүү тилдер ичинде үчүнчү болуп санат, бул тилде беш континетте 300 миллион адам сүйлөйт. 88 өлкө Эл аралык Франкофония уюмунун мүчөсү, алардын ичинен 29 өлкөдө француз тили расмий тил катарында эсептелинет.

Бишкекте быйылкы жылы Франкофония 11-мартта саат 18:00дө “Жакшы калгыла, өйдөдөгүлөр” аттуу француз фильмин “Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүү менен башталат.

“Соңку жаңы осуят” аттуу Бельгия фильми 13-мартта саат 18:00дө “Россия” кинотеатрында көрсөтүлөт.

«Тимбукту», экинчи аталышы “Куштар кайгысы” аттуу Франко-мавританиялык фильм Бишкектеги Француз альянсында бейшембиде 14-мартта саат 18:30да көрсөтүлөт.

“МОКА / Сүт менен кофенин түсү” аттуу швейцария фильми, ошондой эле Жумалыктын жабылышы ишемби күнү 16-мартта саат 18:00дө “Россия” кинотеатрында болуп өтөт.

Жогоруда аталган фильмдер, «Тимбукту» фильминен башкасы(ал оригиналдуу версияда  француз тилиндеги субтитрлер менен болот) француз тилинде орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт. Бардык фильмдерге кирүү эркин, бекер.

 Франкофония жумалыгы 2019 өз ичине көптөгөн маданий, көркөм, гастрономиялык  жана спорттук  иш-чараларды  камтыйт: петанк боюнча турнир, француз тилиндеги ырлар конкурсу, француз тили балетте, квест-оюн ж.б.

Ошондой эле билим берүүчүлүк конференциялар дагы өткөрүлөт: “Француз тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдөгү университеттерде окуу” (15-мартта саат 14:00дө Француз Альянсында, дареги: Атай Оогонбаев көчөсү-242) жана “Erasmus+ Европада окуу” конференциясы (12-мартта саат 14:00дө ошол эле даректе).

Быйылкы жылы биринчи жолу Франкофония жумалыгынын алкагында Улуттук консерваторияда жума күнү, 15-мартта саат 19:00дө франкофондук классикалык музыка концерти болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: