“2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген соң жаңы президенттин “коррупцияга каршы күрөшөм” деген аракети мурунку президент Атамбаевге жаккан жок, ортодо жик кетти”, – деп билдирди бүгүн, 5-мартта КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов ВВС жаңылыктар кызматына.
“Ошол тушта Атамбаевде “ким мени менен болбосо, ал менин душманым” деген принцип болду. Биз ага чейин кеңешип, баарыбыз бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду сүрөп чыксак, шайлоодо колдосок, анан эле “ал экс-президентке жакпай калыптыр” деп, эмне үчүн башкабыз ага кайра каршы чыгышыбыз керек? Маселенин баары ушунда”, – деди Өмүркулов.
“Партиянын ишиндеги өзүм билемдик өзгөчө 2010-жылы 7-апрелден кийин катуу күчөдү. Көздү май басты. Шайлоонун тизмесин түзүү сыяктуу өтө маанилүү иштердин баары бир адамдын колунда калды – айтканы айткандай, дегени дегендей болуп келди. Атамбаев президент болгондон кийин канчалаган саясатчыларыбыз бейкүнөө камалды. Мына менин өзүмө да эч негизи жок иш козголгон. Ачык айтыш керек, бул адамдан баарын күтсө болот болчу. Мени да камап коюшу мүмкүн эле. Айтпай турган абдан көп нерселер болгон. Болбосо эмнеге иш козгойт?”- деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.
ВВС жаңылыктар кызматынан кыскартылып алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ