Menu

Эдил Байсалов: “Биз Чүйлүктөр” деген тууну көтөрүп, соодалашып, устукан талашышкандар Бакиевдердин убагында да болгон”

Бөлүшүү:

3-мартта Бишкектеги “Ала-Тоо” кафесинде экс-премьерлер Темир Сариев, Апас Жумагулов, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев жана башка саясатчылардын катышуусунда өткөн “Ай тамга Солто” коомунун курултайы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Ал талкуулардан айрым үзүндүлөрдү жарыялайбыз:

Равшан Жээнбеков: Кыргызстандын көрүнүктүү трайбалисттери өздөрүнүн трайбдарынын курултайына чогулуптур…

Эдил Байсалов: Сөз жок. Комедия!

Равшан Жээнбеков: Чучук жегенге жана кызмат соодасынын маселесинин талкуулаганга жетишпей калышыптыр…   (“Солто” уруусунун өкүлдөрү келип, эмнеге бир урууну экиге бөлүп жатасыңар?” деп “Ай тамга Солто” коомунун лидерлерин жарга такаган – ред.)

Эдил Байсалов: Мындай аракет Бакиевдердин убагында да болгон. “Биз Чүйлүктөр” деген тууну көтөрүп, соодалашып, устукан талашын көргөнбүз.

Равшан Жээнбеков: Ооба. Булар “устукан” жетпей калса эле Курултай өткөрө башташат.
Эдил Байсалов: дагы, Мотуевти жаман көрүп калышат. Өздөрү ошонун эле деңгээлиндеги самозванец “вождь” болгондорун билишпейт.
Каныбек Осмоналиев: Чынында – бул өтө коркунучтуу феномен! Менин Кара-Кулжалыктарымын “каймактары” дагы ушул оору менен ооруп келе жатышат. Кийинки күндөрү күчөп кетти!
Равшан Жээнбеков: Мен дагы угуп калып атам. Кара-Кулжалыктарга «Оомат келгенин»
Алмазбек Жороев: Кара-Кулжалыктарга өтө эле чоң “оомат” келди, каракулжалыктарды мамлекеттик кызматтарга алууга мораторий киргизип коюшту.
Равшан Жээнбеков: “Ай тамга Солто” коомунун курултайында экс-премьерлер, министрлер, депутаттар, элчилер жүрүшөт…
Азамат Айтбаев: Мындай чогулуштардын максаты жөн гана 2020-жылдагы шайлоого даярдык. Солтобу, Кушчубу, Итчиби иши кылып биригип алышып, кызматтарды соодалашуу. Болбосо алакандай эле элбиз го, булар эмне мамлекеттин өнүгүшүн сүйлөшүшмөк беле…
Айсел Аманбек: Мурдагы премьерлер, депутаттар, министирлер убагында кыйратпагандар, эми өзгөртмөк беле? Эптеп эле бийликке келгендин айласын таба албагандар да…

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: