Menu

Алжирде президенттин бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы акциялар уланууда

Бөлүшүү:

Миңдеген алжирликтер президент Абдельазиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. Жүздөгөн студенттер 18-апрелге белгиленген шайлоону жылдырууну талап кылышты.

AFP агенттиги кабарлагандай, жүрүшкө чыкпаган шаардыктар нааразылык акциясынын катышуучуларын колдоп, кол чаап турушканын жазды.

Reuters маалымдагандай Константина, Аннаба жана Блида шаарларында дагы студенттердин демонстарциялары уланууда.

Нааразылык акциялары 22-февралда башталган. Өлкөдө мындай ири акция 2011-жылдагы “араб жазынан” бери болгон эмес.

82 жаштагы Бутефлика бир нече жыл мурда инсультка кабылып, майыптардын арабасы менен жүрөт, жакшы сүйлөй албаганына байланыштуу эл алдына да өтө сейрек чыгат. Бутефликанын шайлоо штабынын башчысы эгер ал кайра шайланса, бир жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, бийликти тынч жол менен тапшырууга убада берип жатканын билдирди.

Бутефлика Алжирди 1999-жылдан бери башкарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: