Экинчи революциядан кийин электр тармагындагы ондогон жылдардан бери тамырлаган коррупциялык схеманы жоюп, бир нукка салуу максатында жакшы ниет менен «Энергохолдинг» деген башкармалык түзүлгөн. Түпкү максаты башка экенин азыр мезгил тастыктап олтурат. Тилекке каршы, анын башына келген жаман адамдардын кесепетинен улам иш өтөөсүнө жетпей орто жолдо жыдып калды. Жемкорлукту огобетер оожалткан Айбек Калиев камалып, анын ордуна Азамат Абдыкадыров деген неме келди. Кыйраткан ишин көрүп, биле албадык. Бирок, айына 200 миң сом айлык алып олтурганын «точуно» билебиз. Электр жаатында трагедиялуу окуялар катталды, «Башкы энергетик» катары үн катып койгонго жараган жок. Айтмакчы Абдыкадыров жетектеген «Энергохолдингде» жалпы 50гө жетпеген адам иштейт. А мамлекеттен жылына 50 миллион сом каражат алышат. Соболдун кезмети келип туру, берип көрөлү жооп берет чыгаар…
—Азамат Эсенгелдиевич, сиз жетектеген ишканада 50гө жетпеген кызматкер иштегени менен ага мамлекеттин казынасынан 50 миллион сом бөлунөт экен. Кантип жеткирип жатасыздар? Жетпеген каражатты кайдан алып атасыз?Жетекчи катары 200 миң сом айлыгыңыз аз да. Жол-жобосун таап, бир аз көбөйтүп алсаңыз кантет ? Дегеле «Энергохолдинг» деген эмне кызмат аткарат? Бул тармакты жоюп салууга кандай пикир айта аласыз?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ