Menu

Фото – Солтолордун курултайы эмнелерди каңкуулайт?

Бөлүшүү:

Марафонду баштагандар

3-мартта солто уруусундагылар атактуу “Ала-Тоо” ресторанына катар-катар бээлерди союп, чучуктарды, балыктардын таңсык түрлөрүн жайнатып “Ай тамгалуу Солто” коомунун курултайын өткөрүштү. Азыр мындай нерселер көп эле болуп жатат, өз уруусунун Ардак Грамоталарын, медалдарын уюштуруп алып, аларды мамлекеттик сыйлыктардан бетер төштөрүнө тагынып жүргөндөр да аз эмес. Парламенттик шайлоо жакындаган сайын андай көрүнүштөр көбөйөт, активдешет, буга чейин эч ким эстебеген туугандар, жек-жааттар эми эстелип, “адам катарына кошулушат”. Анткени, депутат болгусу келгендердин бардыгы өз уруулуштарын союлчу кылып, өз кызыкчылыктары үчүн иштеткилери келет. Демек, уруктардын, уруулардын курултайларынын, тууган отуруштарынын бардыгы алдыда.

Үйрөнө турган нерселер

Бирок, солтолордун буга чейинки өтүп келген өткөрүлө турган курултайлардан айырмасы – анын лидерлери өлкөнүн түштүгүнөн мамлекет башчысы чыкса эле активдешип, ага кысым, басым көрсөтүү аркылуу өздөрүнүн айрым кадрдык маселелерин чечкилери келишет. Маселен, алар Чүйдөн чыккан Аскар Акаев, Апас Жумагулов, Алмаз Атамбаев, Сапар Исаков, Айбек Калиев сыяктуу жетекчилер, аларды жандагандар “Кылымдык афераларын” уялбай ишке ашырып, мамлекетти талап, тоноп, Кыргызстанды карызга батырып жатышканда эч кимиси каяша сөз да айтышкан эмес. Же кеңирсиген Чүйдөн И.Раззаков, А.Масалиев, С.Жээнбеков сыяктуу кристаллдай таза жетекчилер чыкпаса, ал үчүн республиканын түштүгүндө жашагандар күнөөлүүбү? Андан көрө өздөрүнүн тукумдаштарына сын көз менен карап, кан жаңыртып дегендей, андай жетекчилерден чыныгы адамдык тазалык, токпейилдик, кудайдан жана убалдан корккон, утурумдукту эмес келечекти, түбөлүктүүлүктү ойлогон момун мусулмандык кандай болорун үйрөнүшпөйбү. Эмне үчүн көз карандысыздыктан бери асыл Чүйдөн жогоруда айтылгандардай ыймандуу, таза жетекчилер чыкпай жатат?

Солтолор өз курултайында ушул маселени күн тартибине коюшуп, тууганча катуу талкуулашып, балдарын, кыздарын сынга алышса, башка урууларга чыныгы үлгү көрсөтүшмөк.

Курултайдын катышуучулары адаттарынча коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп, мамлекетти терс көрүнүштөрдөн тазалоого баш отун сайган аракеттеги президентке кыр көрсөткөндүн ордуна, өздөрүнүн кадрларына, иш-аракеттерине сын көз менен карашса да туура болмок. Ошол уруулаштарын курултайга чогулткандардын арасында мамлекеттин, элдин эсебинен байыгандар толтура. Алар чындыгында уруулаштарынын тагдырларын деле ойлошпойт, аларды саясый кызыкчылыктарына пайдаланууну гана көздөшөт.

Оппозициячыл болсо да туура айтты…

Алардын мындай өзгөчөлүгүн оппозициячыл Равшан Жээнбеков туура байкап, “Түштүктөн президент келгенде эле Чүйдүн “дүжүр” аксакалдары трайбализмди курал кылып, кызмат бер деп президентке басым жасап киришет” деген пикиринде ойлондурарлык туура байкоолорду айткан. “Мен бир нерсени байкадым, – дейт ал өз пикиринде. – Бизде ар бир революциядан кийин, ушул Чүйдүн тегерегинде бир дүжүр” чалдар бар, “дүжүр” аксакалдар бар, ошолор түштүктөн президент бийликке келгенде эле ушул трайбализмди саясый курал катарында пайдаланууну күчөтүшөт да, ошол аркылуу бийликке басым жасаганга аракет кылышат. Булар азыркы президент Сооронбай Жээнбековго түз же кыйыр түрдө сигнал берип жатышат: “Сен биз менен эсептешишиң керек, биз айткан кадрларды кызматка коёсуң, эгерде койбой турган болсоң, анда биз өзүбүзчө, өзүбүздүн уруулук уюмдар менен иш жүргүзөбүз”.

Эгерде мындай курултайды санжыраны санагандан башка иши жок, үйлөрүндө зеригип олтура берип, уруулаштарын көрүп, ысык шорпо ичүүнү эңсеген айылдык аксакалдар уюштурушса, ага эч ким эч нерсе демек эмес. Өзбекстанда аксакалдар эртеден кечке чайканаларда өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп отурушат. Анын кимге зыяны бар? Бирок, солтолордун курултайын уюштуруучулардын дирижёрлору мурдагы премьерлер, вицелер, министрлер, азыркы айрым депутаттар, ректорлор ж.б. жогорку даражалуу мамчиновниктер болуп, алар өздөрүнүн жакындык жактарын да саясый максатка пайдаланганы жатышпайбы.

Адатта борбордо жашагандар өлкөнүн периферияларында тургандарга ар тараптан үлгү көрсөтүшөт. Мисалы, Россияда Москвалыктар менен Санкт-Петербургда калган аймактардагылардын жашоочуларына саясый маданияттары, жүрүм-турумдары, кругозордук жалпы деңгээлдери жагынан үлгү болуп саналышат. Ал эми бизде трайбализм деген эмне экендигин билбей өлкөнүн бир бурчунда чоңойгон бала, анын эмне экендигин Бишкектен, анын айланасынан үйрөнөт.

Шантаждар аткарылбашы керек

Бул биздин көпчүлүк саясатчыларыбыздын саясый маданияттарынын аябагандай төмөндүгүн, алардын буттары ХХI кылымда турган менен караган жактары ХIХ-кылым экендигин гана көрсөтөт. Р.Жээнбековдун сөзү менен айтканда, трайбалисттик негизде курултай өткөрүү – уят, ага жогорку даражадагы азыркы жана мурдагы мамчиновниктердин, батыштык типтеги демократиялуулук тууралуу сүйлөгөн окумалдардын катышкандыгы – маскарачылык. Ал демократиялуулуктун, биримдиктин, мыйзамдуулуктун идеалдарына түкүргөндүк. Элдин санына жараша квоталашкан кызматтык орундар ансыз деле аймактарга берилүүдө, билишибизче ага нааразы болгондор деле жок. Аракеттеги президент кадрдык жактан бардык аймактарды тең эле карап келатат. Дифференциалдашкан түрдө үлүшкө тийгенге да ыраазы болбой, кысым, басым көрсөтүү аркылуу башкалардан ашыкчаны талап кылуу – ынсапсыздык, бетпактык. Андай кыйыр, түз түрдөгү шантаждар, опузалоолор аткарылбашы керек!

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: