Menu

Кытай Шинжаңга дипломаттарды кайра чакырды

Бөлүшүү:

Кытайдын бийлиги бир нече мамлекеттин БУУда иштеген өкүлдөрүнө Шинжаңдагы «саясий тарбия берүү» лагерлерин көрсөтүп чыкты. Алардын айрымдары аймакта абал жакшы экенин айтып, Кытайдын саясатын колдоп чыгышты.

Дипломатиялык булактар Бээжин эл аралык коомчулуктун сынына камтама экенин билдирип жатышат. Ушул аптада БУУда Шинжаң темасы көтөрүлүп, Бээжиндин дарегине сын-пикирлер айтылды.

«Reuters» агенттигинин маалыматына караганда, Бээжин Сауд Арабиясынын, Алжирдин, Марокконун, Ливандын, Египеттин, Вьетнамдын, Лаостун, Мьянманын, Камбожанын, Бангладештин, Орусиянын, Түркмөнстандын, Грузиянын, Венгриянын жана Грекиянын дипломаттарын Шинжаңга чакырды. Бул – аймакка чет элдик дипломаттардын төртүнчү чакырылышы. Алар бардыбы же жокпу, анысы азырынча кабарлана элек.

Ага чейин, февралдын башында Пакистандын, Венесуэланын, Кубанын, Египеттин, Камбожанын, Орусиянын, Сенегалдын жана Беларустун БУУдагы дипломаттары Шинжаңды кыдырып чыкканы белгилүү болду. Венесуэланын БУУдагы өкулү Хорхе Валеро Кытайда бир топ өзгөрүү бар деген баасын берди:

– Кытай бийлигинин саясатын сындап, айыптагандар бар. Алар Кытай элинин жашоосу акыркы жылдарда өзгөргөнүнө ишенбейт. Алар Кытайдын модели дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан башка өлкөлөргө үлгү болот деп тынчсызданышат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: