Menu

Гүлнара Каримова кайрадан абакка кайтарылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова 5-мартта кайрадан абакка кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Гүлнара Каримова 2017-жылы декабрда Ташкент облустук сотунун чечими менен 10 жылга соттолгон. Бирок ал мамлекетке келтирген чыгымдарды төлөп берүү милдеттенмесин алгандыгы үчүн анын жаза мөөнөтү беш жылга азайтылып, үй камагына чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, ал кызы Иман Каримованын үйүнөн чыкпай, интернет колдонбой жашап, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп бериши керек болчу.

Бирок Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Каримова сот белгилеген бул чектөөлөрдү бузуп, мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берген эмес. Буга байланыштуу 5-мартта Яшнабад райондук соту аны өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияда өткөрүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Көзөмөл органдын бул билдирүүсүнө чейин Гүлнара Каримованын кызы Иман Instagram баракчасына апасын прокуратура кызматкерлери алып кеткенин жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: