Menu

Өкмөттө чириген картөшкө тууралуу так маалымат жок

Бөлүшүү:

«Көптөгөн дыйкандар  картөшкөнү сата албай жаткандыктан ал чирип жатат деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.  Бирок факт жүзүндө өкмөттө мындай фактылар жок»,-деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Отурумда жазгы талаа иштерине даярдыктар талкууланууда.  Депутаттар дыйкандардын ММК булактарында картөшкөнү сатууга мүмүкүн эмес деп нааразы бологон билдирүүлөрүнө көңүл бурушту.

«Албетте, картөшкө чирип, дыйкандар аны сата албай жатышат деп айтышууда. Бирок биз азырынча район акимдеринен так маалыматты ала албай жатабыз. Бүгүнкү күндө картөшкөнүн килограммына болгон баа 5,5 сомдун тегерегинде калууда. Кочкор жана Ысык-Көлдө килограммы үчүн 5,5-7 сом, түштүк аймакта 10-12 сом»,-деп билдирди Кубатбек Боронов.

Ал 9-январдан 10-февралга карата 82 миң тонна картөшкө экспорттолгонун айтты. Айыл-чарба министрлиги төрт күн бою Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, атайын келишимге кол коюлган. Бирок Кыргызстандыктар картөшкөнү али экспорттой албай келишет, анткени  Казакстандын аймагындагы транзит боюнча маселе чечиле элек.

«Баардыгы жакынкы аптада чечилет.  Болжолдуу маалыматтарга караганда, марттын аягына чейин экспорттого 10-15 миң тонна картөшкө калат. Башка өлкөлөр дагы аны сатып алууга кызыктар. Азербайжандан келишип, 2 миң тонна картөшкө алабыз деп сөз беришти»,-деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: