Menu

Экс-чиновниктер Солтолорду элге уят эле кылды

Бөлүшүү:

Кең Чүйдүн бир топ жерин илгертен жердеп келген кыргыздын Солто уруусу азыркы тапта экиге бөлүнүп кеткендей түр көрсөтүп турушат. Буга мисал катары жакында жүз берген бир окуяны айталы. 3-мартта “Ала-Тоо” кафесинде “Ай тамга Солто” коомунун курултайы болуп өттү. Курултайда солтолор “Манас” аэропортунун мурунку президенти Эмир Чукуевди “Ай тамга Солто” коомунун тең төрагасы кылып шайлашкан экен. Көп өтпөй “Солто” коому менен “Ай тамга Солто” коомунун ортосунда чыккан жаңжал боюнча видеотасма тарады. Себеби, “айтамгачылар”  “Солто” коомунун өкүлдөрүн бул жыйынга чакырбай койгон шекилдүү. “Ай тамга Солто” коомуна экс-премьерлер Темир Сариев, Апас Жумагулов, депутаттар Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаев, экс-чиновниктер Карыпбек Алымкулов, Ормон Шаршенов, Сабырбек Курманалиев, Жыргалбек Азылов, Кубатбек Байболов, Кеңешбек Дүйшөбаев ж.б. мүчө болушкан экен. Негизи бир чоң уруунун минтип экиге бөлүнгөнү туура эмес. Булардын кадамын эл да катуу сынга алууда. Элге үлгү болчу инсандар ушинтип олтурса, аларды көргөн башкалар эмне дейт?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: