Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун, «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК төрагаларын кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 27-28-февралында бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин башчылары, бизнес, жарандык коом жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышкан «Региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалогу» болуп өтүп, жер-жерлердеги көйгөйлөр талкууланып, катышуучулар тарабынан региондордо финансылык каражаттардын жеткиликтүүлүгү боюнча суроолор көтөрүлгөндүгүн эске салды.

Президент региондордогу бизнести, экспортко багытталган ишканаларды колдоону улантыш керектигин баса белгиледи.

«Ишкерлердин жаңы долбоорлоруна колдоо көрсөтүү, каржылоо, ошол эле маалда аларга туура бизнес алып барууну үйрөтүш керек. Бул жерде финансы-кредиттик мекемелер алдыңкы ролду ойнойт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле учурда логистикалык борборлор бардык облустарда ачылбаганын белгилеп, логистикалык борборлорду куруу долбоорлоруна көӊүл бурууну сунуштады. Жакында өндүрүштү жандандыруу боюнча программа иштелип чыгарын, буга байланыштуу өндүрүш ишканаларын каржылоо боюнча сунуштар берилиши зарылдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кредиттерди берүүдө соодага эмес, Улуттук стратегияда белгиленген өнөр жай, кайра иштетүү, энергетика, туризм, айыл-чарба сыяктуу приоритеттүү тармактарга, кепилдик берүүдө региондорго көбүрөөк көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында кредит алуу маселеси жер-жерлерге санарип технологиялар аркылуу жеткиликтүү, арзан жана кыска убакытта бюрократиясы жок берилүүсү камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Аталган финансы институттарынын жетекчилери 2018-жылдын жыйынтыгы, аймактардагы ишкерликти колдоо, жалпысынан мамлекеттеги бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылган жумуштар жана аймактардагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдыга коюлган пландар тууралуу маалымат беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: