Menu

Өлкөнүн финансы институттары аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү

Бөлүшүү:

Өлкөнүн финансы институттары — Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ), «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү. Бул тууралуу жогоруда аты аталган финансылык институттардын жетекчилери бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда маалымдашты.

РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата РКӨФ тарабынан жалпы суммасы 304 млн АКШ долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган. 2018-жылдын ичинде жактырылган кредиттердин суммасы 42,1 млн АКШ долларын түзүп, саны 2 эсеге өсүп, 1653 долбоорду түзгөн (+831 кредит). Жыл ичинде курулуш материалдарын чыгарган ишкана, цемент заводу, кийим жана бут кийим тигүүчү фабрикалар, макарон комбинаты — бардыгы болуп 7 ири ишкана ачылды. Бул көрсөткүчтөр Фонддун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин аркасы менен келип чыккан.

«Кепилдик фонду» ААКтын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, 2018-жылдын аягына карата Кепилдик фонддун портфели 755 млн сомго 656 гарантия түзгөн. Берилген кепилдиктердин эсебинен коммерциялык банктар тарабынан 2,7 млрд сомго кредиттер берилген. 2018-жылы 507 млн сом өлчөмүндө 419 гарантия берилген. 2017-жылга салыштырмалуу саны боюнча 76%га, ал эми суммасы боюнча 2 эсеге өскөн. 2019-жылга карата 1 млрд сомго чейин кепилдик берүү пландалууда.

«Айыл Банктын» төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу жыл ичинде Айыл Банктын кредиттик портфели 14,7 млрд сомдон 19,3 млрд сомго чейин (+4,6 млрд сом) өскөн. 2018-жылы 13,20 млрд сом өлчөмүндө 50 940 кредит берилип, 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 млрд сомго көбүрөөк жана саны 4 968ге өскөн. Аймактарга 8,39 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилип, суммасы 2017-жылга салыштырмалуу 1,96 млрд сомго өскөн, 4 325ке көбөйгөн. «Айыл Банк» өзгөчө сүттү кайра иштетүү жагына көңүл бурууда.

Өз кезегинде «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов белгилегендей, 2017-жылга караганда 2018-жыл ичинде РСК Банктын кредиттик портфели 10,7 млрд сомдон 12,6 млрд сомго чейин (+17,9%) өскөн, 8,04 млрд сом өлчөмүндө 8 899 кредит берилген жана облустарга берген кредиттердин көлөмү жогорулаган. Региондорго берилген (Чүй облусунан башка) кредиттердин суммасы 3,25 млрд сомго, 2017-жылга караганда 11,25% өскөн, жалпысынан 6 302 кредит берилген. Ошондой эле «РСК Банк» мобилдик банкинг кызматын киргизди, эми эл көпчүлүк төлөмдөрдү интернет аркылуу жүргүзсө болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: