“Мен бүгүн КТРКнын башкы директору болуп шайланган Жайнак Үсөн уулун адам катары билбейм, бирок Жайнак КТРди, коомдук телевидениени жайлаганы келиптир”, – деп билдирди бүгүн, 6-мартта КТРКнын башкы директорлугуна Жайнак Үсөн уулунун шайланышына каршы нааразычылык акциясына КТРКнын алдына чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
“Ал буга чейин Бабановдун НТС деген телеканалында иштеген экен, Бабановдун ырын ырдап жүргөн да. Бабанов азыр качып, Москвада, чет мамлекетте жүрөт. Анан бизге ошондой директордун кереги бар беле же жокпу? Албетте жок! Мен нааразымын. Байкоочу кеңеш бул жолу да жаңылды. Элдин каргышына калды. Жайнакты жогор жактагылардын буйрутмасы менен гана шайлап коюшту. Мүмкүн ал күчтүү менеджердир, бирок коомдук телеканалга, элдик телеканалга анын келип калганы бул чоң жаңылыштык. КТРК – бул менчик телеканал эмес. Мен нааразымын. Жайнактан өткөн, тажрыйбалуу, илим-билимдүү, ар тараптуулук кандай экенин, журналистика эмне экендигин, анын принциптери кандай боло тургандыгын семичкедей чаккан күчтүү адамдар бар болчу”, – деди Өндүрүш Токтонасыров.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ