Menu

Видео – Мирлан Бакиров: “Өкмөт бир кыска топтун жетегинде кетип, атамекендик өндүрүштү талкалаганга жетишти”

Бөлүшүү:

“2018-жылы биз өкмөттүн структурасын бекиткенде 616 миң гектар жерге буудай эгилет деп бекилген. Азыр 274 миң гектардан 240 миң гектарга түштүк деп айтып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 6-мартта депутат Мирлан Бакиров парламентте өкмөттүн жазга даярдыгын талкуулоо учурунда.
“Кубатбек Боронов айтып жатат “7 миң тонна гана буудай жоготот экенбиз” деп. Эмне бир гектардан 250 килодон алабызбы? 2,5 тоннадан түшүм алганда 83 миң тонна түшүмдү жоготобуз деген сөз. 540 млн сом кошумча нарк салыгы түшөт деп бюджетке карагансыңар, факт түрүндө болгону 105 млн сом гана түштү. 435 млн сом НДСтен бюджетке түшпөй калды. Мына, 500 млн жоготтук деген кыска топтун аркасынан жетегине кеткен өкмөт, жарым млрд сом НДСтен жоготту, жарым млрд сом, жумушчу орун, соцфонд жана башкалардан жоготту. Болгон атамекендик өндүрүштү талкалаганга жетиштиңер”, – деди Мирлан Бакиров.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: