Menu

Видео – Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу кылмыш кылып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) “Н.И.” деген жаран Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) улук сот аткаруучусу “Н.Н.” жана сот аткаруучусу “А.А.” карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, алар кызматтык абалдарынан пайдаланышып, сүйлөшүп алышып арыз ээсин коркутуп, кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча (пара) талап кылышкан. Бул КРӨгө караштуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө (пара талап кылуу) ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Ушул жылдын 4-мартында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Беловодский айылында жайгашкан жери боюнча Москва районунун САКБнын улук сот аткаруучусу “Н.Н.” жана сот аткаруучусу “А.А.” кармалды.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча кылмыш кылды деп шектелип, пара менен кармалган улук сот аткаруучусу “Н.Н.” Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына бөгөт коюу чарасы каралганга чейин киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: