Menu

Суран Садыбакасов, Айжанат Асылбекова, ырчы түгөйлөр: “Сахна ажарыбызды ого бетер ачты”

Бөлүшүү:

Биздин бүгүнкү коноктор башкалардай болуп, карьера жасап, анан турмуш жолуна аттанбай, алгач турмуш куруп, бала чакалуу болуп, үй жай күтүп, анан чыгармачылыкка баш оту менен аралаша баштаган үч уул, бир кыздын ата-энеси, ырчы түгөйлөр Суран Садыбакасов менен Айжанат Асылбекова болмокчу.

– Суран, кепти Айжанат экөөң кантип таанышып калганыңардан баштасак…

С.С. – Бизди чыгармачылык тааныштырды. Экөөбүз тең Мураталы Күрөңкеевде окудук. Жылдызыбыз келишип калып, сүйүшүп, күйүшүп жүрүп, жаш кезде эле турмуш куруп алдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн 3 уул, бир кыздын ата-энеси болдук.

– Ырчы түгөйлөрду сахна, эл кандай кабыл алып жатат?

С.С.- Кудайга шүгүр, жакшы эле кабыл алып жатышат. Сахна ажарыбызды ого бетер ачты. Ырдаган сайын ырдагыбыз келип, улам жаңы анан жакшы ыр жаздыруунун аракетиндебиз. Мурун Айжанат балдар менен алек болуп, Консерваторияда окуган мезгилинде мен жалгыз эле ырдап жүрчүмүн. Жалгыз ырдаганча жубайым менен ырдагандын артыкчылыгы бар экенин сездим. Жубайым менен чогуу ырдоо мага да, башкаларга да жагымдуу болорун байкадым.

– Айжанат, үч уул, бир кыздын ата-энеси болупсуңар. Балдарыңардын улуусу анан кичүүсү канчада?

А.А. – Улуусу уул. 9 жаштан ашып, 10го карап калды. Кичүүбүз кыз. Ал эки жашта.

– Сиздер той-топурга чыкканда, концертке катышканда, балдарыңарды ким карап жатат?

А.А. – Азыр балдарыбызды экөөбүздүн ата-энебиз бөлүп алып карашып жатат. Ата-энелерибиз бизди чыгармачылыктын түйшүгү менен гана алек болсун. Балдар чыгармачылыгыбызга тоскоолдук болбосун деген таризде экиге бөлүп карашып, мүмкүн болушунча чыгармачылыгыбыздын гүлдөшүнө жардамдашып жатышат.

– Суран, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүштүн да түйшүгү бар. Силерге бул жагынан ким кол-кабыш кылып жатат?

С.С. – Биринчиден, ата-энелерибиз моралдык да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп колдорунан келген жардамын берип жатышат. Ата-энебиздин колдоосу менен чыгармачылыкка баш отубуз менен кириштик. Экинчиден, сахнага кийип чыккан кийимдерибизге чейин карап, ыр тандоодо да кеп кеңешин берип, чыгармачылыктын түйшүктүү анан татаал жолунда туура багыт берген Анара Шаимкулова эжебиздин да эмгеги зор.

-Алдыда кандай пландарыңар бар?

С.С. – Алдыда чоң максаттарыбыз, чоң пландарыбыз бар. Бизге чыгармачылыктан колдоо көрсөтүп жаткандар да, тажрыйбасы молдор да чыгармачылыктын түйшүгү оор болоорун, бул жол татаал экенин айтышты. Ошондой эле бири-бирибизди дыкат түшүнө билишибиз керектигин баса белгилешти. Артка жол жок деп дуэттерди жаздырып жатабыз. Буюрса, биз аткарган дуэттер күйөрман, көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

– Айжанат, алгачкы дуэтиңер кайсыл ыр болду?

А.А. – Арзыбек Бедияровдун “Акмаралым” деген ыры болду. Менин эң биринчи клип тарттырган ырым Бактыгүл Чотурованын сөзүнө жазылган “Наристем” деген ыры болду. Буюрса дагы энелерге арнаган ырларыбызга да клип тарттырабыз. Алдыда жакшы ырлардан аткарып, жаздырып, көрүүчүлөрдүн сынына коёлу деген ниетте эмгектенип жатабыз.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: