Menu

Тажикстан жашоочуларына Европадан иш таап беребиз деген алдамчылар кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстанда “Гардуна” компаниясынын үч жетекчиси камакка алынды. Алар 200дөн ашык кишини Чехияда жакшы ишке орноштурууга убада берип, акча чогулткан бойдон алдап кеткен деп айыпталууда.

Бул иш боюнча чех жараны да шек саналып жатат. Тажик бийлиги ага эл аралык издөө жарыялоого аракеттенүүдө.

Тажикстандагы “Гардуна” фирмасынын жетекчиси Бахтиер Арабов, анын орун басарлары Тохир Рустамов жана Тоус Хушкадамова отуз алты кишинин алданып калганы тууралуу арызынан кийин кармалды.

Чехиядагы “Škoda” деп аталган автоунаа заводуна айлыгы жакшы ишке орношуу үчүн жалпы 231 киши акча берип, кайтара албай жүргөнү белгилүү болду. Компания жумушка орноштуруу убадасы менен алардын ар биринен 500 доллардан 1320 долларга чейин чогулткан.

“Гардуна” фирмасына алданып калгандар Тажикстандын ар кайсы аймагынан келген. Компания аларга виза, ишке уруксат тууралуу документтерди, Чехиядагы автоунаа заводунун жатаканасынан орун берилерин, ай сайын 1300 доллар маяна төлөнөрүн убада кылган. Кайрылгандардын баары адистиги жана иш тажрыйбасына карабай тизмеге киргизилген.

Укук коргоо органдары аларга карата Тажикстандын Кылмыш кодексинин 247-беренеси, “өтө чоң өлчөмдө акча уурдаган” деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Алар Чехияда ишке орношууну каалагандардан канча акча алганы такталууда. Ал эми алданып калган ар бир киши менен Интернет аркылуу байланышып, бардык маселе жакын арада чечилет деп жооткотуп, иш берүүчү “Škoda” заводдун, жатаканалардын сүрөттөрүн жиберген чех жараны Вацлав Скохоутилге эл аралык издөө жарыялана турганы айтылды. Жабырлануучулардын айтымында, “Гардуна” компаниясынын жетекчилери кармалгандан кийин чех жараны байланышка чыкпай калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: