Menu

Медер Исраилов, КРнын Социалдык фондунун төрагасы: “Пенсия чектөө үчүн мыйзамга ылайык зарыл болгон документтер талап кылынат”

Бөлүшүү:

—Ратификациялоо жөнүндө мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган, ке-лишймде Түркияда иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн ошондой эле бизде иштеген Түркиянын жарандары үчүн кандай укуктар каралган?

— Эки республиканын жарандары үчүн пенсиялык укуктарды жана милдеттерди түзүүдө бирдей шарттарды түзүү келишимдин жана келишимди ишке ашыруу боюнча административдик макулдашуунун максаты болуп эсептелет. Келишим иш аракети аймагында иштеп жаткан келишим түзүп жаткан тараптын мыйзамдарынын колдонулуусуна түшүүчү камсыздандырылган адамдарга таралат (7-6.). Келишимде адамдарга тараптардын бири тарабынан чектелген пенсия башка тараптын аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнөрү каралууда (пенсияларды экспорттоо 5-6.1-пункт).

Келишимде эмгектик мертинүү жана кесиптик ооруга чалдыгуу боюнча төлөмдөр, кош бойлуулук, төрөт жана убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк боюнча жөлөк пулдар ал адам ишке орношкон келишим түзүп жаткан тараптын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөөрү, эгерде эки аймакта иштесе кайгылуу кырсык болгон тараптын мый-замдары колдонулаары каралууда (13-6.).

— Бул келишимге кол коюунун жакшы жактарына токтоло кетсеңиз?

— Эки өлкөдө пенсия чектөөнүн жана пенсияга чыгуу курагынын ар кандай моделдерине карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлушунун жакшы жактары төмөнкүлөр:

• ишке орношкон тараптын пенсиялык камсыздоо системасында жергиликтүү жарандар менен бирдей укуктар менен камсыз болуу;

• эмгекчилердин эки өлкөнүн аймагында ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо жана ишке ашыруу;

• формалдуу эмес жумуштуулуктун жана легалдуу эмес миграциянын кыскарышы, эмгек акынын ачыкка чыгышына дем берүү (эки өлкөдө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 60 % иш берүүчү төлөйт);

• пенсиялык укуктарды экспорттоо

-мекенине кайтканда же бир өлкөдөн экинчисине көчкөндө жарандардын ээ болгон пенсиялык укуктарынын сакталышы жана которулушу, башкача айтканда ар бир тарап эмгектенгендерге аймагында иштеген мезгил үчүн пенсиянын бөлүгүн төлөп бере;

• тараптардын ар биринде жарандардын эки өлкөнүн аймагында ээ болгон бардык пенсиялык укуктарынын эсепке алынышы;

• пенсиялардын өлчөмү башка тараптын аймагында жашагандыгынын негизинде жеткирүү чыгымдарына азайтылбашы керек.

Келишим күчүнө кирсе Республикабызда эмгектенип жаткан Түркия Республикасынын жарандары биздин жарандардай эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт, демек жергиликтүү жарандардай эле камсыздандыруу жана топтомо пенсияга укуктуу болушат.

— Пенсияга укук кантип аныкталат?

-Ар бир тарап мыйзамдарына ылайык ээ болгон камсыздандыруу стажынан улам пенсияга укугун аныктайт жана пенсия чектеген тараптын мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте пенсия чектелет.

— Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн укуктарды пайдаланып баштоо үчүн кандай документтер керек жана аларды кайда берүү керек?

— Пенсия чектөө үчүн тараптардын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон документтер талап кылынат, ошону менен бирге тараптардын ортосунда маалыматтар менен алмашуу формулярлардын жардамы менен жүргүзүлөт (пенсиялардын түрлөрүнө, стажысын ырастоого арыздар ж.б.).

— Бизде иштеген Түркиянын жарандарынан жана тескерисинче Түркияда иштеген биздин жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрү кандайча алынат?

-Кыргыз Республикасында иштеген Түркиянын жарандарынан камсыздандыруу төгүмдөр биздин жарандардан алынгандай эле төлөөчүлөрдүн тийиштүү категориялары боюнча алынат.

— Кыргызстанда жарандардын пенсияга чыгуу шарттарын санап бергилечи? Өлкөдө пенсиянын өлчөмү кандай?

— Биздин шарттар: Пенсияга чыгуу курагы эркектердики 63 жаш, аялдардыкы 58 жаш, 25-20 жыл стажы болуш керек, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Түркия Республикасынын шарттары: Эркектердин пенсияга чыгуу курагы 60 жаш, аялдардыкы 58 жаш, 25-20 жыл стажы болуш керек, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Пенсиянын орточо өлчөмү биздин республикада 5586 сомду түзөт.

Түркия Республикасында пенсиянын орточо өлчөмү 1600 лир же пенсионерлердин саны 12 млн. адам же Түркиянын калкынын 15 %ы (82,1 млн.адам).

— Кыргызстан дагы кайсы өлкөлөр менен ушундай макулдашууларга ээ?

— Кыргыз Республикасы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулгандан кийин 2015-жылдын августунан тартып КР Социалдык фонду Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары – ЕЭК) алкагында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу жана компетенттүү органдары менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыгуу боюнча, иш жүргүзүп келүүдө.

Келишимдин долбоору боюнча пропорциялуулук принциби боюнча пенсияларды чектөө жана төлөө болжолдонууда, пенсияларды төлөп берүү боюнча финансылык милдеттенмелерди жарандардын ээ болгон пенсиялык укуктарынын көлөмүнө жараша бөлүштүрүлүшү анын башкы өзгөчөлүгү болуп эсептелет, башкача айтканда ар бир мамлекет аймагында ээ болгон тийиштүү стажына пенсия эсептейт жана төлөй.

Келишимдин долбоорунда төмөнкүдөй ченемдер киргизилген:

• эмгекчилердин тең укуктары;

• аймактардын теңдиги;

• пенсияны экспорттоо;

• пенсия алуу укугун аныктоо үчүн камсыздандыруу стажын кошуу.

КР Социалдык фонду бүгүнкү күндө КР Социалдык фонду жана Кореянын УПК ортосунда Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык каражаттарды төлөө маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө түзүлгөн меморандумдун алкагында Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматы (УПК) менен кызматташууда. Меморандумга ылайык Корея Республикасынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кореянын улуттук мыйзамдарына ылайык Корея Республикасынын жарандарындай эле пенсиялык укуктарын түзө алышат.

Меморандумда эмгек ишмердиги аяктаганда жана жаран Кореядан Кыргызстанга кеткенде Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан бир жолку пенсиялык каражаттарды төлөм түрүндө арыз ээсине которуу белгиленүүдө.

Социалдык фонд арыз ээлеринен документтерди кабыл алат, берилген документтердин туура толтурулушсун, толуктугун текшерет жана документтерди Кореянын Улуттук пенсиялык кызматына жиберет.

Азыркы кезде Кореяда иштеген жана топтолгон төлөмдөрүн албастан Кыргызстанга кеткен КР жарандары эми бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууда жана Социалдык фонддун түздөн-түз катышуусу менен Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан бир жолку төлөмдөрдү алып жатат.

— Туркия парламенти социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоону азырынча жактыра элек. Кыргызстан жооп кайтаруучу өз ара аракеттешүүнү күтүп жатабы? Жооп кайтаруучу ратификациядан кийин бул макулдашуу канча убакыттан кийин күчүнө кирет?

— «Анкара шаарында 2018-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 23-январында кол коюлган жана бул макулдашуу тараптардын бири ратификациялоонун ички мамлекеттик жол-жоболору жөнүндө акыркы билдирүү алган күндөн 6 айдан кийин күчүнө кирет.

Бул келишим Түкия Республикасында ратификациялоо жол-жоболорунан өтүп жатат.

Маектешкен: Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: