Ушу тапта Жогорку Кеӊеш депутаттарынын 15 пайызы, ал эми жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын 10 пайызы – аялдар, бул жетишсиз. Конституция дейбиз, гендердик теӊчилик дейбиз, демек, теӊчилик дегенден кийин, алардын 50 пайызын аялдар түзүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдады.
«Конституция жоболоруна ылайык, аялдар менен эркектерге бирдей укук каралганына карабастан, аялдар мамлекеттик кызматтын жетекчилер курамына да талаптагыдай тартылбай жатат. Азыркы учурда бир дагы облустун аял-жетекчиси жок, бир дагы аял-аким жок. Ырас, мыйзам талабына ылайык, депутаттар курамынын 30 пайыздан кем эмес бөлүгү аялдардан туруш керек, бирок биз Башмыйзамга ылайык жашагыбыз келет. Ошондуктан, аялдардын катышын 50 пайызга жеткирүүгө тийишпиз», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ