Menu

Фото – Кашкар Жунушалиев: “Аялзаты – үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы”

Бөлүшүү:

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев ИИМдин кызматкер айымдарын 8-март майрамы менен куттуктап жылуу сөздөрүн арнады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын аялдары көп учурда өздөрүнүн тагдырларын мамлекетке жана коомго кызмат кылуу менен байлыныштырышат. Анын ичинде биздин дагы министрлик дагы бар. Ички иштер министрлигинин  ар кандай  бөлүмдөрүндө жүздөгөн аялдар кызматтарын өтөшүп, мырзалар менен теңдикте татаал жана жоопкерчиликтүү тапшырмаларды аткарышууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев аялзатын  Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

Кашкар Жунушалиев өз сөзүндө: “Сиздерди алдыда келе жаткан 8-Март “Айымдардын Эл аралык күнү менен” өзүмдүн атыман жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Жаз менен кошо кирип келген 8-март майрамын баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Үй-бүлөө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз. Дүйнөдө сиздер бар болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ. Аялзаты бул – үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай жана ийгилик жаралат. Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл Мырзанын каармандыгын, Курманжан Датканын кайраттуулугун боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңер, үмүтүңөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди  жаркын келечекке багыттаган.

Ички иштер органдарында кызмат кылуу жеңил эмес болсо да, биздин катардагы айымдар эркектер менен тең катар өз милдеттерин аткарып, мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошуп, ошону менен бирге турмуш түйшүгүн өз мойнуна алып, үй-бүлөсүн багып жаткандарын айтпасак да белгилүү.

Сиздердин кайратман, чыдамкай, айкөл мүнөзүңөрдүн аркасында өлкөбүздүн коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыз боло берет деп айтмакчымын. Ошондой эле кереметтүү жаз күнү ар бир ички иштер органдарынын айым кызматкерлерине, сиздерди төрөгөн апаларга, алпештеп өстүргөн чоң энелерге бакыт-таалай, талыкпас кайрат жана ден-соолук каалайм. Ушул майрамда ойлогон оюңар, жүрөгүңөрдүн тереңинде сыр кылып сактап, эч кимге айтпаган, ишенген үмүтүңөр орундалсын. Сиздерден ар дайым мээримдүүлүк жана назиктик кетпесин. Жаз майрамыңыздар кут болсун, – деди ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө, министр милиция кызматкерлеринин жесирлерине жана кызматкер аялдарга гүлдөр менен кошо түзүмдүк сыйлыктарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: