Кыргызстанда акыркы жылдары ар бир төртүнчү бала никесиз жарыкка келет. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин «Кыргызстандагы эркектер менен аялдар» аттуу маалыматында айтылат. Бул жерде 2013-жылдан 2017-жылга чейинки маалыматтар камтылган. Жалпысынан никесиз балдар 2014-жылы эң көп төрөлүп, дээрлик 42 миңди түзгөн. Эң аз көрсөткүч 2017-жылы катталып, 36 миң бала никесиз жарыкка келгени маалым болгон.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ