Menu

Казакстанда мыйзамсыз миграция уюштурган кызмат адамдары соттолду

Бөлүшүү:

Тараз шаардык соту мыйзамсыз миграция уюштурууга айыпталган Миграция кызматынын эки өкүлү менен теги кытайлык жаранга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, «Мыйзамсыз миграция уюштуруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган Тараз шаардык миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы төрт жарым, анын орун басары үч жарым жана кытай тектүү жаран төрт жылга соттолду. Үчөө тең жаза мөөнөттөрүн жалпы режимдеги абакта өткөрүшөт.

Тергөөнүн версиясына ылайык, соттолуучулар өз ара бүтүмгө келип, Кытай жарандарын өлкөгө алып кирүү менен алектенип келишкен. «Аталган топ документтерди жасалмалоо жолу менен Кытайдын 170 жаранына өлкө аймагында эч тоскоолдуксуз жашоо укугун беришкен», — деп билдирди өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети.

Мекемеден билдиришкендей, учурда Кытай жарандарына Казакстандын аймагында жашап турууга укук берген мыйзамсыз документтерди жокко чыгаруу маселеси каралууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: