Menu

Окуу план менен ойногон декан Жайлообаев

Бөлүшүү:

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун илгертеден калыптанган салты бар, не бир залкар илимпоз-педагогдор иштеген кыргыз тили жана адабияты факультетинде окуу планы дегенибиз байпактай алмаштырылып жатканына бир топ жыл болду. Жаңы келген ар бир декан өз намазын окуп, аны чак-челекей кылмай адатка айланды. Адисти даярдоонун объективдүү талаптары, тигил же бул дисциплинанын зарылдыгы, көлөмү жана ырааты деген маселе көңүл сыртында калып, ар ким кереги бар-жогуна карабай өз сабагын окуу планына киргизип, өз билгенин кылып жаткан заман болду. Декан болуп жаш тилчи Бакыт Жайлообаев келгенден бери окуу планы он чакты жолу өзгөртүлүп, бүгүн эмнени, кантип окутарыбызды билбей да калдык. Ар бир курстун окуу планы ар башка, алар да улам өзгөртүлүп, «университеттин окуу бөлүмү ушинткиле» деп жатат деген карандай калпты бетке кармап, улам бир жагын өз пайдасына оңдоп-түзөп, кафедра башчыларына кол койдуртуп, анан да «кол коюп бербедиңерби» деп демитмей көнүмүшкө айланган.

«Кыргыз тили жана адабияты» деп аталган адистикке кыргыз тили менен адабиятынын окуу сааттары салттуу түрдө тең салмакта кармалып келген. Бүгүн ал талап алыс ыргытылып, тилчи-декандын каалоосуна ылайык тил сабактарынын көлөмү жана саны опсуз көбөйтүлүп, айырма бүгүнкү саат эсеби боюнча 28-30 кредит саатка жеткен. Болон системасы боюнча ар бир кредит 30 саат экенин эске алсак, бул оңбогондой айырма болуп чыгат. Демек, факультетти «адабият» деген сөздү алып салып, «кыргыз тили» деп атап койсок деле болот. Мындай ийгиликтен баш айланып, тилчи декан Б.Жайлообаев бир эле сабакгы бир курска эки жолу кайталап окутуп жиберген «шумдуктуу окуялар» да болгон.

Андан да кызыгы, кыргыз тилчи-адабиятчы болчу адистер эми кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын, Токтогул, Жеңижок сындуу акын-ырчыларды, К.Тыныстанов менен С.Карачевди окубай туруп эле, биринчи курсту Фонвизин менен Достоевскийди окуудан башташат. Орус филологдору байыркы орус адабиятынан, Пушкин менен Некрасовдон мурда немис же кытай адабиятын окуп баштаарын элестетип көрөлү. Кыргыз тили жана адабияты адистигинде дисциплиналарды окутуунун мындай «укмуштуунун төөсү жорго» ыкмасы бир да жогорку окуу жайында кездешпейт.

Педагогикалык практиканын мөөнөттөрү, методикалык дисциплиналар жана бир топ адабий сабактар кыскарууга дуушар болгон Алардын ордуна «Кеп маданияты жана сти листика» деген мурда лексикология бөлү мүндө чакан тема катары 8-10 саат өтүлгөн сабакка бүгүн 600 саат (20 кредит) бөлүнгөн. Ырас, муну Б.Жайлообаев жасаган эмес. Аталган дисциплина мамлекеттик стандартка ушундай көлөмдө киргизилиптир. Муну фидологдорду мазактап, же башка максатта киргизишкенби, ал белгисиз. Бүтүндөй кыргыз адабиятынын тарыхына 34 кредит берилсе, кеп маданияты жана стилистика аттуу чакан дисциплинага 20 кредит берилгенин ушундайча гана түшүнүүгө болот. Демек, аны кыскартып, 4-6 кредиттен ашырбай, алардын ордуна зарыл дисциплиналарды киргизүү керек.

Жогоркудай себептерден улам тил кафедрасы ошол олчойгон 20 кредит-саатты кантип толтурарын билбей, азыркы лингвистикадагы жаңы багыттар, өзүнчө окутулган (лексикологияда) диалектология, жалпы тил илими деген өвдүү кеп маданияты менен стилистикага кымындай да тиешеси жок сабактарды киргизишкен.

Филологдорго өтө зарыл жалпы тил илими жана адабият теориясы деген сабактар да окуу планынан ыргып кеткен. Буларды окубаган филологдорду элестетүү кыйын. Ал эми адабияттын системалуу курсу башаламан окутулуп, туш келди жайгаштырылып калды, ар башка курстардагы алардын окутулуш ырааты жана көлөмү да ар башка.

Өз көмөчүнө күл тартып, адистерди даярдоонун объективдүү талаптары менен эсептешпеген Б.Жайлообаевди кой-ай деген киши жок. Баары кайдыгер, «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын», «папуас тили болсо да, аны билбесек да окута беребиз» деген түшүнүк. «Эмнени, кантип окутуп жатабыз?» деген маселе менен эч кимдин иши жок.

Курманбек Абакиров, ф.и.д., профессор, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы
Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: