Menu

Сайдулла Нышанов, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Мурашевдин ишине элдин басымдуу бөлүгү нааразы”

Бөлүшүү:

– Сайдулла Канболотович, «дыйкандар айыл чарба министрлигине жийиркенүү менен мамиле кылып калышты» дедиңиз. Мындай сөздү элдин пикирине таянып айтып атасызбы?

– Ооба, элдин баары ушинтип атат. Дыйкандарга «биздин элдин саны мынча, өндүрүлгөн продукциянын мынчасын керек кылабыз, калганын рынокко чыгарууда бир топ маселелер болушу мүмкүн» деп күзүндө эле айтыш керек болчу. Так келишим болбогондон кийин башка мамлекетке өткөрүш кыйын. Эл ушуларга ишенип келишти да, «мына кымбаттайт, ана кымбаттайт» дешип. Түшүмүн кампаларда сактап отурушуп, бүгүн март болгондо ал продукциялары чирий баштады. Анан чиригенден кийин сөзсүз элдин кыжыры келет да.

– Министр катары Мурашевдин иши сизди канааттандырабы?

– Мен сырттан карап атам. ЖМКлардан окуйм. Мурашевдин ишине элдин басымдуу бөлүгү нааразы экен. Эмнеге дегенде, көп нерселерди айтып атышат. Бирок, ачыгын айтыш керек, Мурашев чече албаган да маселелер бар. Министрдин кемчилиги – ошолорду ачык айталбай жатат. Кээ бир жерге каражат талап кылынат, кээ бир жерлерге инновацияларды колдонуш керек, командировкаларга барыш керек. Япония, Түштүк Корея колдоп жатышат айыл чарба боюнча. Булар адистерди чет өлкөлөрдө окутуу боюнча иш жүргүзө албай калышты. Экинчиден, эл дагы чочутуп койду чиновниктерди. Командировкага чыкса эле «элдин эсебинен тайраңдап басып жүрөт» дегенинен булар «кулагым тынч болсун» деп эле чыкпай да коюшту. Ошондуктан, чиновник болгондон кийин сынды да көтөрө билиш керек экен.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: