Menu

Шарабидин Токтосунов, адвокат: “Садыр Жапаровго апасынын тажыясына катышууга уруксат берилди. Түшкө чейин жөнөп кетет”

Бөлүшүү:

Атамбаевдик зөөкүр бийликтин чечими менен абакта жаткан саясый туткун Садыр Жапаров кечээ, 7-мартта дүйнөдөн кайткан апасы менен коштошуп, топурак салып калууга уруксат берилди. Бул тууралу Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып билдирди.

“Садыр Жапаровго апасынын тажыясына уруксат берилди деген кабар келди. Бүгүн түшкө чейин Садыр Жапаров жөнөп кетет”, – деп жазды Шарабидин Токтосунов.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 7-марттын кечинде жактоочу Шарабидин Токтосун КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, Садыр Жапаровду апасы менен коштошуп калууга убактылуу абактан чыгара турууга жардам берүүнү суранган.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун эски досу, саясатчы Камчыбек Ташиев да өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына “Садыр Жапаров үчүн Ажообузга ракмат!” деп ыраазычылыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: