Menu

Идирги ишинен “иттиги” көп Иса

Бөлүшүү:

Саясатта “саз” жашагандын секретин Иса Өмүркуловдон сураш керек. Анткени, Иса мырза кайсы маалда, кимге сыйкырдуу сөзүн айта калганды жакшы билет. Дегенибиз, Исакебиз бийликтеги президентке жагалдануунун жолдорун жакшы өздөштүргөн. Мисалы, досу Атамбаев президент болуп турганда аны журт атасы дегенге чейин барган. Сөзмө сөз келтирели: “Президент Алмазбек Атамбаев – отец народа, гарант конституции” – деп, абактагы Текебаев президентке импичмент жарыялаганда айткан экен. Эми болсо Алмазбек Атамбаев досунан жүз буруп кеткенден бери, бир топ саясий оюндардын автору болуп жатат окшойт. Ал кечээ Би-Би-Сиге маек берип жатып, эски досу АШАны болушунча шыбап, ага карата азуусун көрсөттү. Кайран эргул, Атамбаев бийликте турганда бир ооз сөз айта албай жүрчү эле. Мынча эр-жүрөк экен, ошол учурда АШАнын коррупциялык иштерин ачык айтып, бөгөт коюуга аракет кылса болбойт беле? Убагында уялбай АШАны мактап-жактап “Журт Атасы” деп жүргөнүн кайда катат? Кайран киши, ушул сөздөрүн кичине эртерээк АШАнын доорунда айтканда го чиркин. Ысыгында айтканда бүгүнкүдөй «хамелеон», саткын аталбай, баатыр болуп чыга келет беле атаганат… Эми жоо кеткен соң кылычын көтөргөндө не пайда? Эми бу кишинин да тили чыгып калыптыр. Артындагы калбырынан коркуп жатат го сыягы. Темир жол ишканасы, Бишкек мэриясы деген сыяктуу иштеринин артында илинчек сөзсүз түрдө бар болуусу керек.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: