Кечээ, 7-марттын кечинде 2016-жылдын 12-майынан тарта абакта жаткан Атамбаевдик режимдин саясый туткуну, “Элдик парламент” кыймылынын лидери Бекболот Талгарбеков абактан бошотулду. Бул тууралу анын уулу Арстан Талгарбеков журналисттерге билдирди.
Кечээ Аламүдүн райондук соту Бекболот Талгарбековдун ишин карап, аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимин кабыл алып, абактан чыгарган.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2016-жылы 12-майда Бекболот Талгарбеков жетектеген “Элдик парламент” кыймылы Атамбаевдик режимге каршы Ак үй алдына митинг уюштурууга камынып жаткан учурда Сегизбаев жетектеген УКМК тарабынан кармалып, абакка салынган. Зөөкүр бийлик Бекболот Талгарбековдун тобуна жасалма “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана “Улут аралык араздашууну козутуу” айыптарын тагып, Талгарбековду 14 жылга кесип жиберген.
Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Бекболот Талгарбеков сот тарабынан “Бийликти күч менен басып алуу аракети” айыбынан акталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ